• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров журналисттерге болгон коркутуулар тууралуу комментарий берди

10 Тогуздун айы 2020 22:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жаңы шайланган өкмөт башчысы Садыр Жапаров ЖК депутаттарын жыйынынан соң маалымат жыйын берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ММК өкүлдөрү митинг учурунда коркутууларга кабылышканын жана иштерин тоскоолдуктар болгонун айтышты. Мисал катары «Азаттыктын» журналисти менен болгон окуя айтылды.

«Азаттык» кичине маалыматты бурмалап бергенди мен деле окудум. Мындан улам башка ММКларга карата жаман көрүү болушу мүмкүн. Мындан ары журналисттер коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мен силердин күчүңөргө таянам. Силердин жардамыңар керек», — деди ал.

Жана ал журналисттик иликтөөдө жемкорлук кылганы далилденген ким кандай макамда болбосун жазага тартыларын кошумчалады.

Ал эми «Спутник» сайтынын кеңсесине анын тарапташтары барбаганын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин «Спутник» маалымат агенттиги белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгонун кабарлаган. Анда, 30дай адам редакциянын имаратына келип, Өкмөт үйүнүн алдында болуп жаткан Садыр Жапаровду колдоо акциясын чагылдыруу үчүн кабарчы жиберүүсүн талап кылышкан. 

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

Количество просмотров: 1122