• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаровду кайсы депутаттар ишеним кат менен колдошту (Тизме)

12 Тогуздун айы 2020 16:33 Бишкек Govori.TV

ЖКнын 10-октябрдагы кезексиз жыйынына келген жана ишеним кат берген депутаттардын тизмесин парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу өздүк баракчасына жарыялады.

Аппараттын кызматкерлери каттаган тизмеге ылайык канча депутат катышканы, ал эми канчоосу ишеним кат бергени көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандап, өкмөттүн курамын бекиткен.

Бирок, парламенттеги айрым депутаттар ал жыйында кворум болбогонун айтышууда.

Количество просмотров: 579