• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жапаровду Россияга кимдер коштоп кетти? (тизме)

7 Бугу 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Количество просмотров: 138