• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаровду Японияга кимдер коштоп кетти? Делегациянын курамы

19 Бештин айы 202511:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда премьер-министр Санаэ Такаитинин чакыруусу менен Японияга жумушчу сапары менен барды. Сапардын алкагында мамлекет башчынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Япониянын бизнес-форуму да өтөт.

Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:

  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип;
  • Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев;
  • Энергетика министри Таалайбек Ибраев;
  • Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров;
  • Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов.
Количество просмотров: 208