Садыр Жапаров коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзам долбоору боюнча II Элдик курултайда пикирин билдирген.
«Ачуум келип төрт-беш өлкөдө суроо бердим. Силерде бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар барбы десем бар дешти. Алар силерге каяктан акча келип түшкөнү, канча эмгек акы алганы, Соцфонд менен салыкка канча кеткени тууралуу отчёт беришеби десем, ооба дешти. Анда эмне үчүн биз отчёт албашыбыз керек же биз экинчи сорттогу адамдарбызбы дегенде дудук болуп калышат», — деди президент.
Жапаров бийлик алардын акчасын талашпаганын белгиледи.
«Алардын акчасын талашып, кыйнаган жокпуз. Отчётту ачык көрсөт деп жатабыз. Буга чейин эч ким ачык көрсөтпөй иштеп келген. Чоң суммада акча алышат, бирок салык төлөшпөйт. Жок дегенде айлыгынан Соцфондго төлөм которушу керек да», – деди өлкө башчы.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева мамлекет башчыга мыйзамдар боюнча туура эмес маалыматтар берилип жатканын белгиледи. Анын айтымында, азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык түрүндө үч отчет тапшырат.
«Алар биринчиден, Салык кызматына, экинчиси Социалдык комитетке жана Статистика комитетине тапшырат. Андан сырткары бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчет берет. Ар уюмдун эсеп-кысабы канча болду деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан тапса болот. Дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат», — деди ал.
Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.
“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.
Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.
Деген менен эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирип, ал өлкөнүн жигердүү жарандык коому менен элдин ортосундагы байланышка таасир этерин белгилеген.
Буга чейин БУУнун, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү жана бир катар эл аралык уюмдар ушундай эле маанидеги тынчыздануусун билдирген. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.