• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаровдун катышуусу менен «Мурас» футболдук турнири өтөт

7 Бештин айы 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 8-9-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлөт.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулат.

Количество просмотров: 210