• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Жапаровдун “Мамлекеттик ипотекалык компанияга” берген үйү канча сомго сатылганы айтылды

10 Бугу 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсына белекке берген үйү сатылды. Бул тууралуу Govori.TVга акционердик коомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров Мамлекеттиик ипотекалык компанияга тартуулаган үй 28 050 000 сомго апрель айында сатылды. Сатып алган жаран өз атын атабоону суранды», -деп билдиришти мекемеден.

Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү 2021-жылы 30-сентябрда, мурда Мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берген. Жапаров белгилегендей, анын иш-аракетинин максаты жеке турак-жай рыногун жакшыртуу, ошону менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга “Менин үйүм – 2021-2026” жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.

30-ноябрда мамлекеттик компания президенттин өткөрүп берген үйүн сатыкка койгон. Алгачкы баасы 33 миллион 700 миң сомду түзүп, бирок үйдү эч ким сатып алган эмес.

20-январда ишкана эки кабаттуу үйдү кайра-кайра ачык аукционго коюп, баасын 28 миллион 46 миң 800 сомго түшүргөн.

Количество просмотров: 903