• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаровдун отставкасын талап кылган Малиев эмнеге нааразы?

25 Бугу 2022 14:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кумтөр кенинин кирешесинен Нарын облусуна акча бөлүү боюнча пикирин айтып, бул үчүн ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сынга алып, отставкасын талап кылган.

Анын айтымында, Кумтөрдөн бөлүнгөн каражатты бир гана Нарын облусуна жумшалуусу туура эмес чечим, себеби өлкөнүн ар бир эле аймагы колдоого муктаж.

«Өкмөт Кумтөрдүн эсебинен 0,6 пайыз Нарындын эсебине бөлүнсүн деген токтомду кабыл алды. Мен нарындыктарга каршы эмесмин, мен токтомго каршы болуп жатам. Биринчиден, мен 5 айдан бери Жети-Өгүз менен Тоңго каражат көбөйткүлө деп сурап жүрөм, а өкмөт болсо ушундай маселени кабыл алып жатат», -деди ал.

Депутат бул токтом кызмат ордунан пайданалуу менен кабыл алынган деп эсептейт.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которо турганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол коюп, мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Белгилей кетсек, «Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу буга чейин президент Садыр Жапаров аймактын жашоочулары менен жолугушууда айткан.

Количество просмотров: 669