• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады

12 Жалган куран 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапары аяктады.

Жумуш сапарынын акыркы күнүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы бир катар айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү “SAG AGRO” күнөскана комплексинин (“In-vitro” лабораториясы) жана жашылча-жемиштердин негизинде тамак-аш азыктарын чыгарган интенсивдүү багбанчылык боюнча “Agromir” кластеринин иши менен таанышты.

“Айыл чарба тармагы ата мекендик экономикада алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошол себептүү, мамлекет тарабынан дыйкан чарбаларын колдоо, алардын продукциясын экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча бир топ аракеттер көрүлүүдө. Дыйкандардын айыл чарба тармагындагы акыркы технологиялык чечимдерди колдонуусу, өндүрүлгөн түшүмдү кайра иштетүү, таңгактоо жана логистика натыйжалуулукту жана инвестициянын кайтарымын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Бул жагынан албетте республикабыздын алдыңкы чарбаларынын өз продукциясын тышкы рынокко чыгаруу боюнча Өзбекстан Республикасынын тажырыйбасы биз үчүн кызыктуу”, — деди ал.

Белгилей кетсек, “Agromir” компаниясы Өзбекстан Республикасынын рыногунда лидер болуп эсептелет жана компаниянын шире категориясы боюнча сатуусу 46%га жакын.

“In-vitro” лабораторияларында клоналдык тамырлар жана мөмөлүү дарактардын кыйыштырылган көчөттөрү өстүрүлөт. Өсүмдүктөр илдеттерге жана зыянкечтерге чыдабайт, кургакчылыкка туруктуу, ар кандай климаттык шарттарга ылайыкташкан.

Учурда лабораторияда жаңгак, бадам, шабдалы, алча, өрүк, алмурут, алма сыяктуу мөмөлүү дарактардын клоналдык тамыры жана кыйыштырылган көчөттөрү өстүрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин башчысынын Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапары 2023-жылдын 8-мартында башталган.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча 15тен ашуун документке кол коюлду.

Количество просмотров: 121