• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Жапония Орусияга карата санкцияларын кеңейтти

29 Үчтүн айы 2023 13:36 Бишкек Govori.TV

Жапония 3-февралдан тарта Орусияга вакциналарды, медициналык жабдууларды жана роботторду экспортоого тыюу салат. Бул тууралуу Жапониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлиги билдирди.

3-февралдан кийин Жапония Орусияга атомдук объектилерди, мунай жана жаратылыш газын чалгындоо үчүн жабдууларды сатууну да токтотот. Мындан тышкары тыюу салынган тизмеге жардыргычтар, портативдик генераторлор жана лезердик ширетүүчү аппараттар киргизилди.

Экспорттук чектөө 49 орус уюмуна тиешелүү болот.

Жапония ошондой эле өзүнүн персоналдык санкциясынын тизмесин да кеңейтти. Токио Орусиянын 22 жаранынын жана 3 уюмунун активдерин тоңдурат. Санкцияга юстиция министри Константин Чуйченко, вице-премьер Андрей Белоусов, БШК башчысы Элла Памфилова, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова, философ жана саясат таануучу Александр Дугин киргизилди.

Токионун санкциясына орусиялык «Иркут», «Авангард» машина куруу заводу, «КАМАЗ» ачык акционердик коому илинди.

Количество просмотров: 201