• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапыз там жарабайт! Тажик бийлиги курулушка жаңы эреже киргизди

1 Баш оона 2018 18:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV
Тажикстан бийлиги калктуу конуштарда, ошондой эле шаарлар менен райондордун административдик борборлорунун негизги көчөлөрүндө курулган үйлөр беш кабаттан төмөн болбошу керек деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу айрым эл аралык басылмалар жазып жатышат.
Анда белгилүү болгондой, Өкмөттүн токтомунда мындай чечим «шаарларды өнүктүрүүнү жана жер тилкелеринин тартыштыгын жоюуну эске алуу менен» кабыл алынгандыгы жазылган. Өлкөнүн Архитектура жана курулуш комитети жергиликтүү долбоорчулар беш кабаттан төмөн болбогон бир канча турак жайдын үлгүсүн даярдап коюшканын билдирди. Мекемеден аларды көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат алган курулуш компаниялары менен ишканалар пайдаланса болорун белгилешкен.
Баса, июлдун башында өлкө жарандары бийликтен шиферлерди заманбап бир түстөгү чатырларга алмаштыруу буйругун алышкан. Бирок бийликтин бул демилгесине элдин көбү нааразылыгын билдирип, алар үчүн бул чоң чыгым экенин айтышууда. Эл арасында чатырды толук алмаштыруу үчүн материалдын сапатына жана иштин көлөмүнө жарашы орточо эсеп менен 15 миңден 30 миң сомониге чейинки (1600-3200 доллар) сумма талап кылына турганы айтылууда.
Количество просмотров: 16