Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.
Шаардык соттун чечими менен активист камакта калтырылды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.
Бүгүн ошондой эле шаардык сотто активисттер Таалай Мадеминов, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Нурлан Асанбековдордун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.