• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жарандан 5 миң доллар алдап алган аял кармалды

8 Бугу 20209:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өзүн Назира деп тааныштырган аял 2019-жылы декабрь айында чет өлкөдөн унаа айдап келип берүүнү убадалаган. Ал арыз ээсинен 5000 доллар алгандан кийин качып кеткен.

«Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча катталган. Шектүү — 1976-жылы туулган Ж.М. 6-майда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 329