Опузалап талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.К. кармалды. Аталган жаран физикалык күч колдоном деп коркутуу жолу менен Ноокат районунун жашоочусуна 500 миң сом акча каражатын берүүнү милдеттендирип койгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен козголгон.
Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.К.166 миң сомду алган жеринен кармалган. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат жана буга чейин каракчылык фактысы боюнча соттолгон.
Шектүү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.