Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу айрым соттор 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин ишин токтоткон. Бирок соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш алып барышууда, — деп айтылат Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
«Бардык жарандарды дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда дайындалган иштер туурасында төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча) жана 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29 (жарандык иштер боюнча).