• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жарандарды арзан үйлөр менен камсыз кылуу максатында жаңы турак жай программасы иштелип чыкты

25 Бугу 2021 11:50 Бишкек Govori.TV

Жарандарды арзан үйлөр менен камсыз кылуу максатында Кыргызстанда жаңы турак жай программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урмат Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан 5-майда “Менин үйүм 2021-2026” программасы демилгеленип, жумушчу топ аны иштеп чыккан.

“Жаңы программага ылайык, ипотекалык насыялоо калк үчүн бир топ жеткиликтүү болот. Бул үчүн атайын механизмдер иштелип чыгып, финансы каражаттар да каралган. Ал программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат”, — дейт ал.

Кокочаров негизги басым Бишкек жана Ош шаарларына гана эмес, аймактарга жасаларын белгилеп кетти.

“Программа тиешелүү министрликтер менен макулдашылып бүттү, өкмөттүн буйругу жакында чыгып, август айынан баштап иштей баштайт. Пайыздык чен жылдык 4%га чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле мурда алынган ипотекалык насыялардын да пайыздык чени 4%га чейин түшүрүү каралып жатат. Ижара жана ипотека насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат”, — деди ал.

Количество просмотров: 381