Жарандык коом: «Шаардык кеңештер партиялык тизме менен шайланбашы керек!»
Жарандык коом: «Шаардык кеңештер партиялык тизме менен шайланбашы керек!»
1 Баш оона 201811:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV
“Биз Жогорку Кеңешке шаардык кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштайбыз. Мындай пикирин бүгүн жарандык коомдун жыйынында активист Калича Умуралиева айтты.
Анын сөзү боюнча, шаардык кеңешке өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү депутат болуп шайланууга шайлоо мыйзамдары жол ачышы керек
«Бүгүн биз Конституциялык шайлануу укугубуздан ажырап жатабыз. Аларга-акчасы бар,к айсы бир кландык, саясий топтор менен мамилеси барларга шайлануу укугу берилип жатат. Натыйжада эмне болдук? Жер ээлеп, үй салуучулар шаар башчылыгына да өздөрүнөн чыккан адамды алып келип жатышат. Бишкек, Ош шаарындагы мэр шайлоолор демократиянын принциптеринен алыстап кетти”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, кечээ Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктап, шаар кеңеши тарабынан жалгыз талапкер катары Азиз Суракматов гана көрсөтүлгөн.