• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жарандык активист Мелис Аспеков камакта калды

22 Бештин айы 2021 9:39 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Мелис Аспеков камакта калды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жактоочу Сергей Манукян Аспековдун күнөөлүү эместиги боюнча далилдер чогулганын жана анын жүрөгүнө операция жасатканын эске алып бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Сот өтүнүчтү канааттандырган эмес, активист абакта калды.

Эскерте кетсек, активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев 2020-жылы январь айынын башында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 26-январында сот Улан Жураевди үй камагына чыгарган. Маалым болгондой, ал Башкы прокуратура менен кызматташууга макул болгон.

Количество просмотров: 315