• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Жарандык активист Темирлан Ормуков кармалды

16 Үчтүн айы 2024 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топко тиешеси болушу мүмкүн деген шек менен жарандык активист Темирлан Ормуков кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Т,О. аттуу жаран кармалганын билдирди.  

«11-январда Октябрь районунун экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы Тик-Токто «@taza_koom» аккаунтунда О. аттуу жарандын видео тасмасы жарыяланып, ал курулуш компанияларга алданып калган жарандарга кайрылып, К.К. атындагы фонд түзүп, уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнөн жардам сураган. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 261-берене, уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш иши боюнча 1976-жылы туулган Т.О. кармалган.  Анын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топ мүчөсүнө тиешелүү делген шакек, ноутбук, эки чөнтөк телефон алынганы айтылат. Т.О. Бишкек шаарынын убактылуу камоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Т.О. инициалы — Темирлан Ормуковдун аты-жөнүнө туура келет.

Количество просмотров: 24