Бишкек шаарында жарандык активист Тилекмат Куренов кармалды. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Куугунтуктан азап чегип, запкы көргөн бийлик бул кадамыңар жеткен наадандык. Буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн Тилекмат Куреновду азыр ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына алып кетишиптир. Урматтуу журналисттер, коомдук-саясий ишмерлер, кадырлуу кыргыз эли Тилекмат Куреновго ойлонулуп жазалган күнөө коюлушу мүмкүн. Маалымат берип турабыз», — деп жазган ал.
Кошумчалай кетсек, жарандык активист Тилекмат Куренов Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөө, Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингдерге катышып келген.