• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жарандык коомду көзөмөлүнө алгысы келген бийлик

19 Бештин айы 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда «Бирикмелердин жана Ассоциациялардын эркиндигине укук»,- аттуу улуттук диалог болуп, КР нын айрым мыйзам актыларына тактап айтсак, Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө»Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө » мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Ошондой эле Коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору тууралуу талкуу болду. Бул мыйзамды демилгечилери катары Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев эсептелинет.

Мындай мыйзамды кабыл алуу менен бийлик жарандык коомду дагы көзөмөлгө алууну көздөп жатканын жана анын жыйынтыгы жакшылыкка алып барбашын укук коргоочу Нурбек Токтакунов айтты.

Бул багыттагы мыйзам учурда бар. Болгону ага өзгөртүүлөрдү киргизип коюу жетиштүү. Жаңы мыйзамдын кажети жок деген пикирин юрист Таттыбүбү Эргешбаева билдирди.

Депутат Надира Нарматованын сунуштаган мыйзам долбоорунда демократиялык мамлекеттин стандарттарына шек келтире турган сунуштар бар экени айтылды.

Бул мыйзамдын артыкчылыгы жана кемчилигине токтолгон депутат Исхак Масалиев, бул мызамды колдобой турганын билдирди. Анткени учурдагы бийликтин бул багытта иш алып барган адистерине ишенбейт

Чет жактан камсыздалып, иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар айрым учурда мамлекет аткарбаган жумуштарды аткарып, кайрымдуулук багытында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, билим берүүдө каражат бөлүп, өзгөчө жигердүү жумуш аткарып келишет. А бирок жардамы жакшы, өздөрү жаман болуп, ишине бөгөт коюу аракети болуп жатканы өкүндүрбөй койбосо керек…

Количество просмотров: 217