• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаратылыш министрлигинин эки кызматкери кармалды

15 Бугу 202617:35 Бишкек Govori.TV

Ишкерлерден пара талап кылган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 61 жаштагы О.М.К. жана 34 жаштагы Д.О.М. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган О.М.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 162