• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жардам керек! 14 жаштагы Акылай Болотбекова изделүүдө

15 Баш оона 202416:05 Бишкек Govori.TV

Талас шаарынын тургуну 14 жаштагы Акылай Болотбекова изделүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 5-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн Талас шаарынын борбордук аянтына барам деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 150-155 см, сары жүздүү, кой көз, чачы, арыкчырай.

Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктан футболка, астында көк түстүү жинсы шым.

Милиция кызды көргөн-билгендер болсо 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 159