Бишкекте кечээ, 23-декабрда 9 жаштагы кыз №251 маршруткадан угуучу аппаратын жоготуп алган. Кыздын ата-энеси угуучу аппараттын баасы 20 миң доллар экенин айтып, ким таап алса кайтарып берүүсүн өтүнүшүүдө.
«Кызыбыз кулагынан түшүрүп алганын байкабай калыптыр. Ким таап алган болсо кайтарып берүүсүн суранабыз. Баасы 20 миң доллар. Атайын кызыбыздын кулагына туураланып жасалган, сатып же башка бирөөгө берип салбагыла. Баары бир башка эч кимге туура келбейт. Кимдир бирөө таап алган болсо, сүйүнчүсү сөзсүз берилет», – деп айтылат кайрылууда.
Байланыш номери: 0557736336