Нарында 3 жаш баласы менен шарты жок үйдө жашаган жалгыз бой эне жардамга муктаж болууда. Бул туурасында фейсбуктагы Помощь Кыргызстанцам группасы жайгаштырды.
Анда «Жалгыз бой эне, Нурдинова Аяна Акылбековна 3 жаш баласы менен Нарын шаарындагы шарты жок үйдө жашоого аргасыз. Жолдошу 1 жыл мурун каза болгон. Учурда шарты жок 2 бөлмөлүү батирде жашап, 3 баласына 3500 сом жолок пул алат. Анын жарымын батирдин акысына төлөп берип, жарымын тамак-ашка жеткире албай убара. Учурда 8 айлык кичүү кызы ооруп, дене табы түшпөй жатат. Ага керектүү дары-дармекке акча таппай жатканын айтты. «Кээде кайрымдуулук фонддор азык-түлүктөн жардам берип турат. Бирок, жардамга берилген азык-түлүктөр түгөнгөндө тамак-ашы жок калабыз», — деди ал» -деп жазылат.
Жардам берүүнү каалагандарга адрес: Наарын шаары, Бирдик айылы. Байланыш телефону жана вотсап: 0559 13 42 84 Аяна . Акчалай жардам берүүнү каалагандарга Элсом номер: 0559 13 42 84. Жардам колун сунгандарга Аллах ыраазы болсун!