• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эне колундагы баласы менен төртүнчү кабаттан бой таштаган видео

7 Аяк оона 201811:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.09.2018.Govori.TV.

Ош шаарынын Черемушка районундагы көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынын терезесинен 8 айлык наристеси менен кошо бир аял учуп кеткен. Кырсык 6-сентябрда болжол менен кечки саат 5тер чамасында болгондугу айтылат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул тууралуу маалыматты тастыктап, кырсыкка кабылган аял, Ош шаарына  Кара-Балтадан келгенин айтышты. Учурда милиция кызматкерлери изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Аял менен бала ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга караганда аял алгач узартылган үй чатырына кулап, андан соң жерге түшкөн.

Количество просмотров: 59