• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу митинг-реквиеми өттү

8 Чын куран 201910:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.

Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын сөөгүн жерге берүү үчүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө алып кетишти.

Маркумду узатуу зыйнатына анын кесиптештери, жакындары жана Маданият маалымат жана туризм министрлигинин орун басары, президенттин кеңешчиси катышты.

Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатында элге таанымал кыргыздын таланттуу кызы катары эл эсинде калары айтылды. Ал «Апамдын махабаты», «Айыл өкмөтү», «Чиркин өмүр», «Белгисиз маршрут», «Боз салкын» жана башка тасмаларга тартылып, театрда бир топ образдарды жараткан.

Эске салсак, 6-апрелде актриса борбордогу ооруканалардын биринде каза болгон.

Количество просмотров: 35