• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жарык эмнеге өчүрүлүп жатат?

6 Жалган куран 2024 12:00 Бишкек Govori.TV

«Улуттук электр тармагы» ишканасы электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизди.

Маалыматка караганда, «Улуттук электр тармагы» мындай чара Токтогул жана Үч-Корган ГЭСтеринде гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери башталганы менен түшүндүрдү.

Жалпы кубаттуулук 290 МВт чейин азайтылат, мындан улам керектөө көп болгон сааттарда чектөө киргизилет: эртең менен 06:00дөн 09:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин.

Энергетиктер абоненттердин эсептегичтеринде да кубаттуулукту убактылуу азайтып жатышат.

«Керектөөчүлөрдү бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну жана электр энергиясын үнөмдөөгө, бир эле учурда бир нече энергияны көп жеген электр жабдууларын иштетпөөгө чакырабыз», — деп билдирди ишкана.

Анткен менен, алардын айтымында, электр энергиясын керектөө азайып, күн жылып калаганда абал ордуна келет.

Количество просмотров: 293