• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жарыктын өчүрүлүшү тууралуу маалыматка депутаттар кандай баа берет?

19 Үчтүн айы 2023 14:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты жылуулук, электроэнергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп жатат.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, айрым убактарда электр энергиянын керектүү кубаттуулугу 3740 мегаваттка чейин чыгууда.

«Тартыштык 400 мегаваттан ашууда. Андыктан электр жабдууларын сактоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында электр энергиясын чектөөгө аргасыз болуудабыз. Эгерде энергетиканы керектөө кубаттуулугу өз убагында азайтылбаса Кыргызстандын эле эмес, жалпы Борбор Азияны бириктирген энергетика тутуму авариялык абалга келиши мүмкүн”, – деди ал.  

Министр системалык авариянын алдын алуу үчүн 250-350 мегават өлчөмүндөгү күндүзгү саат 07:00дөн 16:30га чейин чектөөлөр киргизилип жатканын кошумчалады.

“Башкача айтканда бир абонентке 4-5 киловатт саатты түзөт. Жалпы республика боюнча 1,5 млн абонент болсо, 50 миңден 70 миңге чейинкиси эле чектөөгө кабыл болууда. Ал эми кечки 17:00дөн 24:00гө чейинки керектөө 450-480 мегаваттка чейин жетип, энергетиканын сарпталышы көп болууда. Ага ылайык, бекитилген графиктин негизинде 1 саат алкагында кубаттуулукту азайтуу чаралары көрүлүүдө”, –деди Ибраев.

Кошумчалай кетсек, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 221 млн кубду түзүүдө. Азыркы учурдагы керектөө 77,400 млн кВт/саатка жетип, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 20,500 млн кВт-саатка көп болууда.

Мындай маалыматка депутаттар эмне дейт? Төмөнкү жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 95