• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жарылуучу зат болушу мүмкүн. Бишкекте Фрунзе заводун милиция кызматкерлери курчоого алды

20 Аяк оона 202117:19 Бишкек Govori.TV

Бишкетеги Фрунзе заводунун аймагынан жарылуучу затты издөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты Govori.TVга Ленин райондук милициянын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги барган.

«Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 353