Бүгүн, 16-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жарындык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады.
Маалыматка ылайык, сот Төрөкуловага үч жылдык пробация мөөнөтүн берип, сот залынан бошотту.
«Төрөкулова беш жылга эркинен ажыратылып, бирок үч жыл пробация колдонушту. Эми үч жыл аралыгында мыйзам бузууларга аралашпаса, беш жыл дегени каралбайт жана мөөнөтү ошол менен бүтөт», — деди жактоочу.
Жактоочу Төрөкулова соттун өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга кайрылар-кайрылбасы азырынча белгисиз экенин айтты.