• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жасалма кыргыз паспорту менен өзбек жараны кармалды

10 Бештин айы 2019 13:39 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 9-декабрда «Манас аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы чек арачылар тарабынан Кыргызстандын жасалма паспорту менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын 1997-жылы туулган Т.Н. аттуу жараны Новосибирск—Бишкек каттамы менен учуп келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда ал чек ара кызматкерине 1997-жылы туулган Х.А. аттуу жаранга таандык Кыргызстандын ID-карт паспортун көрсөткөн.

Документти текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылганы аныкталды. Анын жанында Өзбекстандан алган айдоочулук күбөлүгү болгон. Т.Н. Кыргызстанга кирүү үчүн жасалма паспорт колдонгонун айткан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 212