Жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү милициянын кайгуул кызматы болжол менен саат 05:20 чамасында Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен Mitsubishi Space Star үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
«Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин кыраакы текшерүү учурунда, 2002-жылы туулган Ш.А. аттуу айдоочу унаасынын мамлекеттик номуру бар туруп, анын үстүнөн жасалма номерди тагып алгандыгы белгилүү болду»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча унаа айып короого токтотулуп, айдоочу Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.