Унаасына жасалма номур тагып алып автоээнбаштык жасаган айдоочуга 35 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Издөө бөлүмү тарабынан “BWB” үлгүсүндөгү автоунаасы жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
Текшерүү учурунда аталган унаанын айдоочусу өзүнүн мамлекеттик номурун бекитип, жалган, жасалма мамлекеттик номур тагып жүргөндүгүн аныкташкан.
Бул факты боюнча айдоочусуна карата 35 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.