Бишкек. 03.04.2019. Govori.TV.
Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жолду суу каптоонун себеби такталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлдашты
Бишкекасфальтсервисинин кызматкерлери канализациялык люктарды тазалап, алардан 300 килограммдай түрдүү металдарды жана темир ящиктерди алып чыгышкан.
Алардын маалыматына ылайык табылгандар советтик мезгилден берки калган буюмдар болушу мүмкүн.
Муниципалитеттен кошумчалагандай баардык маселелер чечилди жана калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады.
Эске салсак, «Govori.TV» агенттиги биринчилерден болуп окуяны жеринен чагылдырган.