• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жаш келин эки баласы менен кошо 9-кабаттан секирип кетти (видео)

13 Жетинин айы 2019 9:17 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында аял эки баласы менен кошо 9-кабаттан секирип кетти. Анын натыйжасында 36 жаштагы аял менен анын 9 айлык кызы каза болду. Алты жаштагы уулу болсо оор абалда ооруканга жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 11-ноябрда эртең менен Москванын Бабушкино районунда болгон. Секирип кетээрден мурун Людмила Соколова аттуу аял кичүү кызы Анянын алсырап жатканын, табитинин жоктугун жана шалдырап жатканын айтып “Тез жардам” кызматына кайрылган. Бирок, айтылган дарыгерлер дарекке келгенде эшикти эч ким ачкан эмес.

Людмила Соколова өлүм алдында кат жазып калтырып кеткен. Катта анын иш аракети үчүн күйөөсүн түрмөгө отургузбоону суранган.  Виталий Соколов аялы Людмила төрөттөн кийин депрессияга түшүп кеткенин, аялынын бул кадамга барышына ошол себеп болушу ыктымал экенин айткан.

Количество просмотров: 12676