• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 8-кабаттан секирип кеткен 22 жаштагы жаран ооруканага жетпей көз жумду

27 Тогуздун айы 202117:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан секирип кеткен 22 жаштагы жаран көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 8-кабаттан секирип кеткен жигит ооруканага жетпей көз жумган.

Эске салсак, окуя бүгүн Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Куткаруучулар саат 12:00дөн баштап өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жигитти түшүрүү аракетин кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес, ал саат 17:00гө секирип кеткен. Аны тез жардам кызматынын дарыгерлери жана куткаруучулар алып кетишкен.

Количество просмотров: 4846