Активист Адил Кыргыз (Назаров) “Тазалык” муниципалдык ишканасына жетекчисинин орун басары болду. Бул тууралуу калаа башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
Шаар башчы активистке өзү кызмат сунуштаган.
“Адил Кыргыз чооң рахмат. Менин сунушуму кабыл алды. Тазалык ишканасынын жетекчисинин орун басары болду. Ишине ийгилик. Шаар үчүн кызмат кылат”, – деп жазган Түлөбаев.
Эске салсак, Адил Кыргыз 2012-жылы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген.