• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Жаш жаратман» видеороликтер сынагы старт алды

23 Жетинин айы 2020 18:20 Бишкек Govori.TV

«Жаш жаратман» социалдык видеороликтердин сынагын жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Талапка ылайык, видеороликтердин мазмунунда мекенчил, чынчыл, жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана башка сапаттарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын образы камтылышы керек. Ошондой эле сынактын максаттарына жана милдеттерине жооп берген, толук бүткөн жогорку сапаттагы 2 мүнөттөн ашпаган кыргыз жана орус тилиндеги материалдар кабыл алынат. Сюжеттин жаңылыгына жана оригиналдуулугуна артыкчылык берилип, интернеттен пайдаланууга тыюу салынат.  Видеороликтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, моралдык ченемдерге каршы келбөөгө жана башка адамдардын автордук укугун бузбоого тийиш.

Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

  • 1-орун – 200 миң сом;
  • 2-орун – 150 миң сом;
  • 3-орун –100 миң сом.

Видеороликтер 2020-жылдын 18-декабрына чейин  кабыл алынат.

Кошумча маалыматты 0500 054 887 (what’s app) номери аркылуу алсаңыз болот.

Количество просмотров: 82