• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жаш жигит маршрутканын айдоочусун сабаган окуянын чоо-жайы (видео)

11 Тогуздун айы 2019 17:24 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндө жаш жигит маршрутканын айдоочусун сабап жаткан видео тарады.

Бул видеонун автору Govori.TVга билдирген маалыматына ылайык, жеңил унаанын айдоочусу маршруттук таксинин айдоочусуна жолумду тородуң деген негизде кол көтөргөн.

«Кечээ жумуштан келе жатканда болгон окуя. Манас проспектисинде кетип жатканбыз. Маршруттук таксинин айдоочусу жеңил унааны жолун кичине тороп койгон окшойт. Анан тиги жигит маңдайына токтоп, түшө калып кол көтөрүп баштаган. Мен да аягын эле тартып калдым. Анан тиги айдоочу кетип калды. Маршрутканын айдоочусунун номурун алып ага далил катары видеолорду салып койдук. Милицияга арыз жазса керек болот деп. Белгилүү болгондой айдоочу бүгүн арыз жазган», — деди тасманын автору.

Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей учурда бул факты боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 265