• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды

19 Чын куран 20239:22 Бишкек Govori.TV

18-апрелде Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан мелдешке бардык аймактардан келген 260 спортчу катышууда.

Спортчулар төмөнкү салмак категориясында беттешет:
Кыздар арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66 кг;
Эркектер арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 80, +80 кг.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргызстандын бокс федерациясы тарабынан уюштурулган.

Количество просмотров: 81