Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кетүүнү алдын алуу максатында жашыруун төрөткө шарт түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды. Мыйзам ооруканалардан башка жерлердеги кооптуу төрөттөрдүн санын азайтуу жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды бөлөк адамдарга таштап кеткен энелерге альтернатива берүүнү көздөй турганы маалымкат-негиздемеде көрсөтүлгөн.
«Жашыруун төрөттүн алкагында эне атайын мекемеде төрөп, өзүнүн инсандыгын жана аты-жөнүн үчүнчү жактарга, анын ичинде төрөт процессине катышкан дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге билдирбестен, конфиденциалдуу бойдон калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот… Бул учурда энеге да, ымыркайга да квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт, бул үйдөгү төрөт учурунда көп кездешүүчү ар кандай кыйынчылыктардын алдын алууга өбөлгө түзөт… Жалпысынан, жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кетүүнүн алдын алуу бардык балдар үчүн коопсуз жана колдоого алуучу чөйрөнү түзүү үчүн мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен күч-аракетин талап кылат», — деп белгилеген депутат.
Пландаштырылбаган төрөт учурунда эненин жеке маалыматтарын коргоо жана анын купуялуулугун сактоо мыйзам менен белгиленет жана эне жаңы төрөлгөн ымыркайды баланы багуу жана андан ары асырап алуу процесси үчүн атайын дайындалган мекемеге калтыра алат.
Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду.