• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жазасы жеңил укук коргоо органдарынын мыйзамы жоопкерчиликтен куткарат

14 Жалган куран 2023 16:42 Бишкек Govori.TV


Буга чейин 2019-жылы кодекстерге өзгөртүү киргизилип, анда болушунча гумандуу болууга аракет жасалган. Жаңы кодекстер совет доорунда калыптанып калган системаны талкалап ордуна европанын жаңы системасын алып келүүгө багытталган. Бирок, буга Кыргыз Республикасы даярбы?, 2019-жылга укук коргоо органдарында жаңы шарттарда иштегенге даяр адистери бар беле?, Коом мындай бурулуштарга даярбы?,-деген суроону учурунда милициянын генерал-майору, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев кабыргасынан койгон.

2017-жылы кабыл алынган соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдар жана кодекстер менен өзүм таанышмын. Алар ар кандай мезгилерде жана шарттарда идеалдуу түрдө иштемек, эгерде, Кыргызстан Германия, Норвегия, Финландия өлкөлөрү сыяктуу укуктук аң-сезими жогору, өнүккөн коом болгондо. Жаңы кодекстер менен иштеген аралыкта алардын мыйзамдары жана европалык укуктук институттары бизге эч жакшы нерсе алып келбегенин жана алып келбестигин көрсөттү. Менин оюмча бирөө да даяр эмес. Бул системага эч ким даяр эмес деген позицияма мисалдарда түшүндүрүп берсем: Акыйкат келишими сыяктуу институт кыргыз коомчулугуна эмне алып келгенин көрдүк. Европада жакшы көрүнгөн укуктук механизм бизге, “жебенин учун башкага көрсөтүп, боштондукка чык!” деген нерсеге алып келди.

Ал эми акыйкатчы айрыкча укук коргоо органдары жоопкерчилик тартууда, өздөрүнө ыңгайлашкан мыйзам жазып алган. Кызматтык ката кетирсе же кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурда 6 айдан бир жылга чейин эл унутканча көздөн далдоо боло туруп, андан кийин кайра эле кызматын улантып, керек болсо жетекчи да болуп алганы моралдык жактан туура эмес.

Буга чейин коомдо резонанс жараткан Бурулай жана Айзада аттуу кыздардын окуясында жазаланган милиция кызматкерлери Марлис Асанов менен Улан Айтбаев учурда жетекчилик кызматтарда отурат. Буга мыйзам жол берет. Бирок, моралдык жагы унутта калат. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул жаатта мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы болуп турганын белгилейт.

Укук коргоочу Нурбек Токтокановдун пикиринде учурда милицияны жоопкерчиликке тартууда мыйзам бар. Болгону ал тандалма жол менен иштейт.

Количество просмотров: 193