Ошто жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү Кара-Суу районундагы Фуркат айылында унаадан өрт чыкканадыгы тууралуу мааалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган.
Кырсыктын кесепетинен “Hyundai Avante” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Жыбаркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.