• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жеңил унаа токтоп турган фураны сүзүп, 3 адам көз жумду

29 Жетинин айы 202213:51 Бишкек Govori.TV

Daewoo Nexia Жалал-Абаддын Ноокен районунун Кыла айылы аркылуу кесип өтүүчү жолдун жээгинде токтоп турган Volvo үлгүсүндөгү оор жук ташуучу унаанын артынан келип сүзгөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык күн мурун, 28-ноябрь күнү саат 01:00дөр чамасында орун алып, анын кесепетинен үч адам каза болгон.

Учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү материалдар даярдалды.

Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 729