• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өтпөйт

30 Чын куран 202117:14 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Талас облусунда 4-майдан 9-майга чейин өтө турган ат оюндары өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мындай чечим коронавирус боюнча түзүлүп жаткан эпидемиологиялык абалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Ошондой эле Ош шаарындагы ат чабыштар дагы токтотулду.

Буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 4-майдан 9-майга чейин Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда Жеңиш күнүнө карата, ошондой эле Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өтөрүн жарыялаган болчу.

Количество просмотров: 129