• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жеңиш Разаков Финполициянын ишин сынга алды

5 Бирдин айы 2019 17:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.02.2019.Govori.TV.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) коллегиялык жыйынына катышты.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, анда 2018-жылдагы ыкчам кызматтык иштин жыйынтыгы чыгарылып, мекеменин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер талкууланды. Финполициянын тиешелүү жетекчилеринин отчетторун уккандан кийин вице-премьер-министр иштер жетиштүү жүрбөй жатканын сынга алды.

«Коррупциялык жана экономикалык кылмыштардын иш жүзүндөгү абалы жана масштабы баарыбызга белгилүү. Эмне себептен Финансы полициясынын органдары аны азайтуу боюнча натыйжалуу чара көрбөй жатканы дагы эле түшүнүксүз», — деди ал.

Жеңиш Разаков Финансы полициясы товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана күйүүчү майды контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюуда начар иштеп жатканына токтолду. Ал ошондой эле мекеменин өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине көңүл бурулбай жатканын белгиледи.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 2018-жылы укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине 4 млрд. 351,6 млн. сом кайтарды. Анын 435 млн. сому коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке которулган. 

Количество просмотров: 18