• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жеңиш Разаков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

16 Теке 2019 16:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.07.2019. Govori.TV

2019-жылдын 10-14-июлунда Ош шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек ара тилкесинин айрым тилкелерин биргелешип талаада текшерүү өткөрүү макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында пландаштырылган.

Количество просмотров: 25