• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жеңишгүл Жапарова: Элеттегилердин жашоо шартын жакшырткым келет

16 Жетинин айы 2020 12:44 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жеңишгүл Жапарова.

Жалал-Абад облсунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутатымын деген Жеңишгүл Жапарова кесиби боюнча мугалим болуп эмгектенет.

«Жергиликтүү кеңеште да депутат болуп эмгек кылып келем. Социалдык жактан болобу деги эле башка да коомдогу көйгөйлөрдү чечүү, көтөрүп чыгып, чечүү жолдорун издеп келбиз. Келечекте көтөрчү маселелер абдан арбын, мисалы аялдардын көйгөйлөрү, миграцияны азайтуу, мектептерди, бала бакчалар куруу сыңары маселелер бар. Аймактарда көйгөйлөр көп эмеспи ошолорду чечүү аракетин кылмакчымын», — деди Жапарова.

Количество просмотров: 114