Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 10-апрелде Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу соттук отуруму өтүүдө.
Отурум башталуу алдында сот кызматкерлери менен шектүүлөрдүн тарапташтары ортосунда пикир келишпестиктер орун алды.
Соттук процесске ММК өкүлдөрү кирген жок. Мындай абалды сот кызматкерлери отурум өтө турчу залдын тардыгы менен түшундурүшкөн. Ал эми соттун маалымат катчысы өзү тандап бир нече журналистти гана киргизген.
Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура коомчулукта резонанс жараткан Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоонун алкагында козголгон кылмыш иштеринин соттук отурумдары ачык өтөөрүн айтышкан.